Казакстандын мега жылдызы Димаш Кудайберген көпчүлүктү таң калтырды. Тагыраагы, 19 миң көрүүчү баткан Нью-Йорктун "Barclays Center" спорттук аренасында ырчы "Arnau tour ENVOY" концерттик программасын тартуулап, эл залга толду. 10-декабрь күнү анын чыгармаларын угуу үчүн 50 мамлекеттен жана АКШнын 40 штатынан күйөрмандары келген.
Концерт учурунда Димаш Кудайбергендин күйөрмандары эмоцияга алдырып, бирде кошулуп ырдаса, бирде көздөрүнө жаш алышты. Концертте ырчы казак, орус, англис жана кытай тилдериндеги чыгармаларды жаңыртты. Анын күйөрмандары башка тилди түшүнбөгөнү менен музыканы жүрөгү менен сезип жаткандарын билдиришкен.
"Силердин колдооңорго рахмат. Мен силерди жакшы көрөм! Бул менин Нью-Йорктогу биринчи концертим. Менин балалык кездеги кыялым ишке ашты", - деди ал.
Димаш Кудайбергендин концерти Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин колдоосу менен өттү. Ырчыны колдоо үчүн министрликтин өкүлү да келген.