Орусияда эки полиция кызматкери кесиптештерин тамашага салгандыгы үчүн жазаланышты

Орусиянын Калининград облусунда нөөмөттө отурган эки полиция кызматкери кесиптештерин оригиналдуу түрдө тамашага салган. Бирок бул жоругу үчүн кайра өздөрү жазаланып калышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.

Анда полиция кызматкерлери Андрей Ковальчук жана Антон Коваленко Жаңы жылды утурлай аймактык ИИМ башкармалыгынын жетекчисинин орун басарынын атынан телеграмма жөнөтүшкөнү айтылган.

"Ал катта ар бир бөлүмдүн башчылары отурган жерлерин кагаздан жасалган кар бүртүкчөлөрү менен кооздоп чыгуусу керек деп жазылган. Тамашакөй кызматкерлер муну менен гана чектелип калбастан, бүртүкчөлөрдүн саны 10дон кем болбошу керек экендигин эскертишкен", - деп айтылат маалыматта.

Тамаша орун алган соң алардын авторлору бат эле аныкталган. Калининград облусунун полициясы билдиргендей, "нөөмөт кызматкерлеринин бул жоругу жаман ой менен жасалган эмес экенин билебиз. Бирок кызмат учурунда мындай оюндарга жол жок. Алар тарбиялоочу маектен өтүштү”, - деп билдиришкен.

Маалым болгондой, жетекчилик тамашакөй кызматкерлерин өздөрүндөй оригиналдуу жол менен жазалашкан. Тагыраагы, алардын өздөрүн кайра кар бүртүкчө жасатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kennedy
2019-12-13 09:54:38
))) кулкулуу жоруктар болуптур го...
+2
Jacob.
2019-12-13 15:48:26
Орус оюндагысын кылат
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан