Мексикада кызганчаак аял күйөөсүн аңдымакчы болуп, унаанын багажына жаш баласы менен жашынып алган

Мексиканын борбору Мехико шаарында аял таксист күйөөсүн текшерүү максатында жаш баласы менен унаанын багажына жашынып алып, аңдымакчы болгон. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Кызганчаак аялы такси кызматында иштеген күйөөсүн текшерүү максатында жаш баласы менен унаанын багажына жашынып алып, аңдымакчы болгон. Бул окуяга таксиде бара жаткан кардар да күбө болгон. Унаанын багажынан дабыштар угулганда, айдоочу багажын ачкан. Эң кызыгы айдоочу багаждан өз аялын жана баласын көрүп, нес болгон. Кардар бул көрүнүштү сүрөткө тартып алып, Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жүктөгөн. Бул окуяга социалдык тармактын колдонуучулары аялды баласынын коопсуздугун жана ден соолугун тобокелге салып, күйөөсүн аңдыганын акылсыздык деп сындашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2019-12-12 22:23:29
Тооба.
+2
Eliza-Arapbaeva
2019-12-13 02:25:53
Баладан да эр керек болгон го. Аба жетпей баласы олуп калса эмне болмок?Крышасы тайгандар кобойду озу
+3
akmanai
2019-12-13 02:45:18
Суйуу кээде адамды жинди кылат.
+5
Kuba-savai87
2019-12-13 10:37:18
Катуу Суйот экен да
+1
Munarbek98
2019-12-13 12:57:17
Суйсо суйгонуно ишениш керек да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан