Украинанын президенти Володимир Зеленский "Слуга народа" сериалын орусиялык телеканалдан алынышын катачылык катары баалады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
"Бул окуя мени аябай таң калтырды. Эки сериясын эфирден көрсөтүшкөндөн кийин алып коюшту. Менимче, бул бийликтин же телеканалдын чоң маалыматтык катачылыгы", - деген ал.
Украиналык лидер сериалдын уландысын көрүүнү каалагандар үчүн ютуб каналынан видеохостингди колдонсо болорун баса белгиледи. "Слуга народа" сериалы 9-декабрда Парижде өткөн "Норманд төрттүгү" саммитинде Владимир Путин менен Володимир Зеленский жолуккандан кийин, тагыраагы,11-декабрда кечинде ТНТ каналынын өкүлдөрү сериалды экрандан алып койгон.
Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин бул "Слуга народа" сериалын көрбөгөнүн жана ага убактысы дагы жок экенин билдирген.
"Слуга народа" сериалын "95-й квартал" студиясы тарткан. Негизги каарман - мектепте тарых сабагынан берген мугалим кийин өлкө президенти болот. Сериалда Зеленский түзгөн саясий партия жөнүндө айтылган.