Казакстандагы активисттер АКШдан санкция киргизүүнү суранышты

Кечээ, 12-декабрда Казакстандын Нур-Султан шаарында алты активист АКШ элчилигинин алдында акция өткөрдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты. Алар Вашингтонду “Кытайда кысымга учураган казактардын маселесине көз жумуп отурган” казак бийлигине санкция киргизүүгө чакырды.

"Активисттер АКШнын мамлекеттик катчысына, Конгресс өкүлдөрү менен Дүйнөлүк банктын жетекчилигинин атына кат жолдошту. Чогулгандар АКШнын санкциясына илинген ири кытай компанияларынын Казакстан шаарларында видеокөзөмөл системдерин орнотуп жатканына да каршы пикирлерин билдиришкен.

Тышкы иштер министрибиз АКШга мамлекеттик катчы менен жолугушуу үчүн кетти. Биз Майк Помпеонун үнүбүздү эшиткенин, ушул маселелерди Мухтар Тлеуберди менен талкуулашын, укугубуздун эмнеге бузулуп жатканын сурашын каалайбыз. Тлеуберди буга чейин Шинжаңдагы лагерлерде казактар жок деген. Биз буга нааразыбыз. Бул маселе жабык бойдон калууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, акция бүткөндөн бир саат өткөндөн кийин бир нече активист полиция бөлүмүнө жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurbek11
2019-12-13 10:59:25
Мындай ич душмандардан Аллаа ОЗУ сактасын
-16
Eka.kg
2019-12-13 11:02:48
nurbek11,Башка айласы калбады да! Кытайлар туугандарын кыйнап жатса, бийлик аларды куткарып алуунун ордуна, кайра кытайларга салып берип жатса!
+21
murat17
2019-12-13 13:38:28
nurbek11,сен себебин тушунбой жаздын окшойт
+2
Eka.kg
2019-12-13 11:03:25
Туура кылат! Азыр бул нерсени КШ чечпесе эчким чече албайт!
+22
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан