"Форбс" басылмасынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү айымдар аталды. Рейтингге 100 айымдын ысымы кирген. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Анда көрүнүктүү айымдардын сап башында Германиянын канцлери Ангела Меркель турган. Ал 2011-жылдан бери бул версиянын сап башынан орун алып келе жатат. Меркель 65 жашта, ал Германия канцлерин 2005-жылдан бери ээлеп келет. Бирок ал 2021-жылы боло турган шайлоодо катышпай тургандыгын айткан.
Экинчи орунду Эл аралык валюталык фондунун экс-башчысы, учурдагы Европанын борбордук банкынын төрайымы Кристин Лагард ээлеген.
Ал эми үчүнчү орунда АКШ конгрессинин өкүлү, демократ Нэнси Пелоси турган.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 4-орунда жайгашкан.
Ал эми 100-орунга 16 жаштагы швециялык экоактивист "Time" журналынын 2019-жылдагы версиясы боюнча "Жыл адамы" наамына татыган Грета Тунберг жайгашкан.