АКШнын Техас штатына караган Даллас шаарында банк кызматкери кетирип алган катачылыкка байланыштуу кызыктуу окуя орун алды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
10-декабрь күнү аталган шаардын Рут Баллун аттуу тургуну бут кийим саткан дүкөндөгү ишин аяктап жатып, өзүнүн банк эсебин текшерип коймокчу болгон. Эсепти ачса эле ал жакта 37 миллион доллар турган. Аял адегенде кимдир бирөө ага бул акчаны кайрымдуулук иретинде которгон деп ойлогон.
Көргөн көзүнө ишенбеген Баллун банкка чалып, ал жактан кызматкер акча которууну колго терип жүргүзгөнү үчүн катачылык кеткени айтылган. Бирок бул аралыкта 37 миллиондуу болуп калган аял акчаны кантип короторун кыялданууга жетишет. Айтымында, бир бөлүгүн кайрымдуулукка жумшап, калган бөлүгүн үй-жай алууга иштетмек. Анткен менен банк кызматкери тарабынан катачылык бат эле түзөтүлүп, анын эсебинен 37 миллион доллар алынган.
"Мен бир саамга болсо да миллионер болдум. Минтип айта алам, себеби скриншот кылууга жетишип калдым", - деген Баллун азил-чыны аралаш.
Эми "миллионер" аял банктан анын ак ниет мамилесине сыйлык болуп калар деп үмүт кылып жатат.