"Дүйнө сулуусу - 2019" сынагын Ямайканын 23 жаштагы сулуусу Тони-Энн Сингх жеңип алды. Сыйлоо аземи кечээ, 14-декабрда Лондон шаарында болуп өттү.
Ямайканын өкүлү башкы сынакты утуп алган экинчи кара тору сулуу болуп калды. Буга чейин "Аалам сулуусу" сынагын Түштүк Африка Республикасынын өкүлү Зозибини Тунци утуп алган эле.
Тони-Энн Сингх бул эл аралык сынакта башкы сулуу аталып жаткан Ямайканын биринчи өкүлү эмес. Буга чейин аталган өлкөдөн чыккан сулуу 1993-жылы таажы тагынган. Жеңүүчү Флорида университетинин психология факультетин аяктаган. Азыркы тапта медициналык билим алууда.
CNN телеканалынын маалымат боюнча, быйылкы жылы биринчи жолу "Дүйнө сулуусу", "Аалам сулуусу", АКШнын сулуусу, АКШнын өспүрүмдөр арасында сулуусу сынагынын баарын кара тору кыздар жеңип алышты.
"Дүйнө сулуусу" сынагы 1951-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал улуу британиялык жубайлар Эрик Морли жана анын жубайы Жулия Морли тарабынан негизделген.
Өткөн жылы сынак Кытайдын Хайнань аралында болуп, "Дүйнө сулуусу-2018" сынагынын жеңүүчү деп мексикалык 26 жаштагы Ванесса Понс де Леон табылган.