Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эми машыгуу өткөрүүгө киришти. Шакирттери - күч түзүмдөрүнүн жетекчилери болду. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга алынып жатат.
Анда 14-декабрь күнү түркмөн лидери күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин Ашхабад шаарындагы машыгуу залына чакырып алып, аларга машыгуу өткөргөнү жазылат. Видеодо машыгууга улуттук коопсуздук боюнча министри, ички иштер министри, башкы прокурор, бажы кызматынын башчысы жана башка аткаминерлер келишкени айтылат.
Негизи Бердымухамедовдун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен машыгуу өткөрүп турганы кадыресе эле көрүнүш. Түркмөнстандын президенти спортко жакын экени, ондогон түрлөрү менен машыгып турары аталган өлкөнүн мамлекеттик ЖМКлары аркылуу тынбай көрсөтүлүп турат. Анын айрым таланттарын ушул шилтемеден окуй аласыз.
Гурбангулы Бердымухамедов 62 жашта. Ал 2007-жылы 14-февралда Түркмөнстандын президенти болуп шайланган.