Рианнанын жашоосу тууралуу тасма 25 миллион долларга сатылды

Ырчы Рианнанын жашоосу тууралуу тасма 25 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Жакын арада Amazon стрим-сервиси атактуунун жашоосу тууралуу даректүү тасманы көрсөтүп баштайт. Тасмада поп-музыка дүйнөсүндөгү эң белгилүү жылдыздарынын биринин атактуулукка карай жолу баяндалат. Режиссёр Питер Берг ырчынын чөйрөсүн тартуу учурунда чектелген эмес жана 1200 сааттан ашуун материал тартууга жетишкен. Жыйынтыгында тасма көп сырларды ачыкка чыгарып, көрүүчүлөр кумиринин айрым чечимдерин эмне үчүн кабыл алууга аргасыз болгонун биле алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Chungyz
2019-12-15 19:40:41
25 миллион болгондо рианнаны уруп дагы ойнобойт болчум
+5
Baktyluumun98
2019-12-16 00:51:20
Биздин Жылдыздар деле жашоосун сыр кылып, ушундай даректуу фильм кылып сатса жакшы болмок экен. Биздикилер жашоосу жонундо кундо отчёт берип турушат. Антпесе алар эч ким конул бурбай калат деп коркушат.
+1
Pandora
2019-12-16 03:05:18
Бяндалат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан