Орусиянын ар төртүнчү мектебинде сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салынган

Орусиянын ар төртүнчү мектебинде сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыюу салынган. Бул тууралуу Орусиянын агартуу министри Ольга Васильева билдиргенин аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты.

"Азыр бизде так цифралар бар: 10 миң 628 мектепте сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга чектөө киргизилген. Бул көрсөткүч ар төртүнчү мектеп дегенди билдирет", - деген ал.

Ушул жылдын август айында министрлик өлкөдөгү бардык билим берүү мекемелерине уюлдук телефон колдонууга чектөө киргизүүнү сунуштаган. Васильева министрлик эч кимди мажбурлаган эмес жана ар бир мектеп чечимди өз алдынча кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Losw1
2019-12-15 20:03:21
Кыргызстанда да бардык мектептерде сабак учурунда уюлдук телефон колдонууга тыю салынышы керек. Сабак учурунда телефон очук болушу керек. Окуучулар сабакка чейин же окуудан кийин, танапис убагында колдонушса мейли. Сабак учурунда телефон колдонууокуучулардын сабакты оздоштуруусуно терс таасир тийгизет...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан