Германиянын жашоочусу Томас Йеромин 100 чарчы метр үйүн 350 жаңы жылдык балаты менен кооздогон. Ал дүйнөлүк рекорд коюуну пландап турган чагы. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Жаңы жылдык балаты менен үйүн кооздоону ал мындан 8 жыл мурун эле баштаган. Ал жаңы жылдык балатыны майрам бүткөн соң эл катары алып салбастан, жыл бою калтырууну жана ага дагы кошуп турууну адатка айлантып алган. Жыл сайын балатынын санын көбөйтүп отуруп, учурда алардын саны 350гө жеткен. Анын мындай өзгөчө кызыгуусу аялына алгач жаккан эмес. Бул маселе тууралуу экөө көп талашып-тартышкан. Бирок аялынын ага көнбөскө аргасы калган эмес. Акырындык менен аялы да бул идеяга кызыгып, өзү да балатылардын санын көбөйтүүгө жардам бере баштаган.
Томас Йероминдин өзгөчө коллекциясы 20-25 миң евро турат. Мынчалык көлөмдөгү балатылардын коллекциясы дүйнө жүзү боюнча бир гана ага тиешелүү. Бирок ал ушуну менен эле токтоп калууну каалабайт. Өз коллекциясына дагы 150 балаты кошууну пландап жаткан учуру.