Казакстандын эгемендүүлүгү өлкөдөгү улуттук майрам статусун алган бирден бир майрам болуп саналат. Өлкөдө 16-17-декабрь майрам күндөрү болуп эсептелинет. Бул жылы майрам дүйшөмбү жана шейшемби күндөргө туура келгендиктен, эс алуу күндөрү болуп жарыяланган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, Нурсултан Назарбаев 10-декабрда "Казакстан Советтик Социалисттик Республикасынын аталышын өзгөртүү" тууралуу мыйзамга кол койгон. Андан көп өтпөй Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев 1991-жылы 16-декабрда "Казакстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы" жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ошондон тартып бул майрам өлкөдө Назарбаевдин президенттигинин алдында белгиленип келген. Ал өзүнүн кызматын 2019-жылы 20-мартта Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген.