1990-жылдардын атактуу ырчысы, кыздардын жүрөгүнө чок салган белгилүү Андрей Губин сахнага кайтуу алдында турат. Бул тууралуу анын саунд-продюсери Тарас Ващишин жергиликтүү журналдардын бирине берген маегинде белгилүү болду.
"Андрейде баары жакшы. Учурда биз чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатабыз. Андрей сахнага качан кайтып келерин так айта албайм. Бирок анын сахнага кайрадан чыгуусу сөзсүз орун алат", - деген Тарас Ващишин. Андан сырткары, Ващишин мындан бир канча күн мурун өзүнүн Инстаграм баракчасына Андрей Губин менен чогуу түшкөн сүрөтүн жүктөп, астына #Андрейкайтыпкел жана #жакшыжаңылык деген хештег калтырган.
Андрей Губин "Зима-холода", "Девушки как звёзды", "Мальчик бродяга" жана башка хит ырлардын автору. Көгүлтүр экрандан жана радиодон 2000-жылдары ден соолугуна байланыштуу көрүнбөй калган. Ал жаак сөөктөрүнүн оорусу менен жабыркап келет.