Конгодо алтын кенинде иштеген 30 адамды шахта басып калып, каза болду

Конго Демократиялык Республикасынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан алтын кенинде иштеген 30 жумушчуну шахта басып калып, каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетине нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон. Шахтадан чыгуучу жолдор толугу менен жабылып калган. Куткаруучулар 30 кишинин жансыз денесин алып чыгышкан. Каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экендиги айтылууда.

Конго Демократиялык Республикасынын экономикасынын негизин тоо-кен өнөр жайы түзөт. Өлкөнүн чыгыш тарабы минералдык ресурстарга бай. Бирок мыйзамсыз кен байлыктарды казуу аракеттери кырсыктарга алып келген учурлар көп катталат. Мамлекет мындай аракеттерге күрөшүүнү жана кырсыктарды алдын алуу иш-чараларын улантып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан