Өзбекстанда прокурорлор кол тийбестиктен ажыратылды

Өзбекстанда прокурорлор жана мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери кол тийбестиктен ажыратылды. Эми аларды жетекчиликтин макулдугусуз эле административдик жоопкерчиликке тартса болот. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

“Өзбекстандын “прокуратура жөнүндөгү” мыйзамынын документинин жаңы долбооруна ылайык, кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуулар катталса, аларды жазага тартуу үчүн жетекчинин макулдугу талап кылынбайт. Ошондой эле “Мамлекеттик коопсуздук кызматы жөнүндөгү” мыйзамга дагы ушундай өзгөртүүлөр киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.

Өзбекстан сенаторлорунун пикиринде, бул өзгөртүүлөр прокуратура органдарынын жана мамлекеттик коопсуздук кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
boston___
2019-12-16 15:43:41
закон иштейт бул кошнуларда биздикине окшоп жазылып кала бербейт
+4
Alimbek1000
2019-12-16 16:53:46
бизде кол тийбестик деген түшүнук жок Кыргызстанда!
+1
filis
2019-12-16 15:48:41
Сооронбай Жээнбековтун дагы кол тийгиситин шыпырыш керек, жана айтылбай, жашырылып жаткан куноолору учун жоопко тартылат.
+1
chake
2019-12-16 16:53:54
filis, бизде прокурор эмес президентердин да кол тийбестиги алынган эгер ал кылмыш кылган болсо жооп берууго бугунку кундо мыйзам жол берет бизде билбесен башка нерсе жазбайт белен акылдуу болбой
+2
Absamat-90
2019-12-16 16:52:17
Бул жакшы көрүнүш анткени кылмыш кылып жооп берүүгө келгенде кол тийбестик бар деп кутулуп кетпейт.
0
Jaznura
2019-12-16 16:54:43
Ырас кылыптыр.
0
elchi84
2019-12-16 17:38:10
Бизде качан болот ошондо.
0
Zhoro
2019-12-16 21:33:06
Kechirmeni коментарий жазат бекен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан