"Нур-Султанда жарандар 1932-1933-жылдардагы ачарчылыктын курмандыктарына арналып тургузулган монументтин алдына чогулушту. Алар 1986-жылдагы декабрь жана 2011-жылдагы Жаңы-Өзөн окуяларынын курмандыктарын эскеришти. Акция катышуучуларынын көбү катардагы жарандардын учурдагы социалдык-экономикалык абалына нааразы экенин билдирип, айрымдары бийликти саясий туткундарды бошотууга чакырышты. Мындан тышкары, алар 16-декабрды аза күтүү күнү деп жарыялоо керектигин белгилешти",- деп айтылат маалыматта.
Митинг учурунда жергиликтүү аткаруу органынын кызматкери үн күчөткүч аркылуу бул жыйын мыйзамсыз экенин айтып, чогулгандарды таркап кетүүгө чакырган. Бирок акция катышуучулары тараган эмес.
Маалым болгондой, митингдин катышуучуларына полиция кызматкерлери тоскоол болгон эмес. Бирок адамдар жөө жүрүш менен Сарайшик көчөсүнө жеткенде массалык кармоолор башталган. Алдын ала маалыматтар боюнча 50-60 адам кармалган.