"Чек аранын чок ортосундагы үйдү өрттөп салышты". Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну аймактагы абалдын кооптуу экенин айтты (видео)

Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чыр учурунда чек аранын чок ортосунда жайгашкан үйдү тажик тарап өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Көк-Таш айылынын жашоочусу айтып берди. Айтымында, аталган айылда абал кооптуу жана бул чыр бүгүн эле болгон жок, мындай окуялар дайыма кайталанып келет.

"Көк-Таш айылынын жашоочусумун. Биздин айылда абал чындыгында курч болуп жатат. Себеби бүгүн кечке жуук айылыбыздагы адаттагы чыр дагы кайталанды. Мындан улам абалды кооптуу деп баалоого болот. Тажик тарап чек аранын чок ортосунда жайгашкан үйгө өрт коюп жиберишти. Үй жайгашкан жерден 2 метр алыстыктагы жер тажиктердин короосу болчу. Ошол жерде ок атышуу болуп, андан кийин тажик тарап үйдү өрттөштү. Ал жер 2 үй-бүлө баш калкалаган жай болчу. Үй ээлери аман-эсен. Анткени алар үйдөн качып чыккандан кийин өрт күчөп кеткен. Биз үй күйүп жатканда, жогору жакта коопсуздугубузду коргоп жашынып турдук. Карап турсак эле үйдөн жалбырттаган от чыгып, түтөп калды", - деди айыл тургуну.

Окуянын чоо-жайы:

Бүгүн, 8-майда Баткен облусунун Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкеси үчүн кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан. Аталган жер тилкеси изилденбеген аймакка кирет, бирок кыргыз тарап бул жер тилкесин пайдаланып келет. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылган.

Ок атышуунун кесепетинен Чек ара кызматынын 3 аскери жаракат алышты.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Mister-X
2020-05-08 23:38:02
Өкмөт эч нерсе чече албасына элдин көзү жетти.Эл өзү кыймылдап,жолдорду жаап бир да тажикти,бир да машина өткөзбөй жаап салыш керек болуп калды.
+16
tina-Tin
2020-05-08 23:43:40
Акрам эч нерсени чече албайт. Иштей албагандан кийин жон эле бошотсунда, тен ата суйлошо турган адамды койуш керек.
+13
bekbol2006
2020-05-09 00:16:40
Ошол орттонгон уйду кайра куруп шарт тузуп берсин окмот болбосо жер кетет тажиктерге
+10
erlanspb
2020-05-09 00:34:47
Кыргызстан дын колунан еч нерсе келбей калдыго бул нерсе канчадан бери уланып келет чечсе ушул маалга дейин чечмек 1 айдан кийин унутуп калат чондорда еч нерсе болбогондой лучше граница жаап салып тажиктер менен мамиле кылбай койу керек олордун нашасынан башка еч нерсе деле бизге отпойтко канчадан бери кантип ушуну чече албайт бийликее наалат откондо биро айтмакчы Россияга афтаномный болуп отуп кеткен жакшы деп жазган болчу ошол туура окшойт озу орустар 4 саата баарын чечип койот
+5
uli0404
2020-05-09 00:34:50
Кыргыз өкмөтү эшектин тушоосунда чече албайт.чечсе ушул убака чейин чечмекда.баягы эле кыйраган,күйгөн кыргыз эл эптеп арабасын согуп жашап келет.
+8
uli0404
2020-05-09 00:38:04
Эл бийлике дагы өкмөткө дагы ишенбей калды,себеби алар көрүнүктүү иш жасай албай жатат,анан чындыкты айткан адамды алып барып камаш эле колунан келет
+10
alishsapan
2020-05-09 01:50:30
50 сотых жер тилкеси үчүн кыргыздар менен тажиктердин ортосунда чыр чыккан деп кенебейтко
+6
Rifle_I
2020-05-09 16:39:37
alishsapan,такталбаган жер, бирок кыргыз жараны колдонуп келген.
Анда кыргыздын жери экен да.
0
begalove
2020-05-09 04:24:21
Баткенге Айбалевден башкасы жарабайт, ак суйлоп ак иштегендерди эч ким коро албайт ошон үчүн онукпой жатабыз
-2
Samatalibei
2020-05-09 05:08:58
Баткендик туугандар Аллах Үй бүлөөнөргө тынчылык берсин! Масаланы мана мен чечем дегендер эмнени чечип жатат?
+3
didu
2020-05-09 07:09:24
жолду кыяматка чейин жаап салыш керек
+3
Dushabolna
2020-05-09 10:31:53
Эл ОЗУ кошуун кылып барып ошол курттап жон тура албаган тажиктерди сазайын берип окмоттон Бир деке десе аларды да кошо сазайын бериш кк. Бутуруш кк Эми чек ара маселесин. Канча жер Кетти баарын кайтарыш кк. Ашыгы менен жазалаш кк ошол тажиктерди
0
Nur777
2020-05-09 11:25:02
Шалаакы окмот кетип,тын,таза окмот келмейин эч нерсе озгорбойт!
Кордунорбу эми окмоттун чабал экенин...
+2
cher2
2020-05-09 11:39:39
Аллахтын ыйык кунундо тынчылык эле болсун
0
Kona8631
2020-05-09 13:56:48
Атамбаев барда тажик тарап титиреп турчу!
-1
Rifle_I
2020-05-09 16:40:11
Чек араны жаап салыш керек. Туугандар тажиктин мөмө жемишин албай койгула. Байкот кылып.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан