Бүгүн, 27-май күнү массалык маалымат каражаттары Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматына таянып, Кыргыз жараны тажикстандык аялды атып койгондугу тууралуу маалымат тараткан. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы аталган маалыматты чындыкка жатпайт деп билдирди.
"27-май күнү Баткен районундагы Жака-Өрүк айылында Баткен жана Исфара чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, бардык маселелерди териштирүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү. Эки тараптын өкүлдөрү тең массалык маалымат каражаттарына тараган окуянын объективдүү иликтенүүсүнө кызыкдар экенин билдиришти. Аталган факты боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарапты такталбаган маалыматты таратпоого жана окуяга объективдүү баа берүүгө чакырды. Учурда Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Тажикстандын чек ара кызматында Кыргыз жараны Исфаранын тургунуна ок чыгарганы жазылган. Тажикстандын чек ара кызматынын берген маалыматына ылайык, окуя бүгүн орун алган.
"Көк-Таш айылынын Ак-Сай аймагынын тургуну Соат Бахтибеков исфаралык Шукрона Шароповага карата ок чыгарып, аял оң билегинен жаракат алып, ооруканага түшкөн", - деп жазылган маалыматта.