"Англиялык футбол Премьер-Лигасы беттештерди көрсөтүп туруу үчүн 700 миллион долларга кытай каналы менен үч жылга келишим түзгөн. Кытай Премьер-Лига үчүн эң кирешелүү чет өлкөлүк рынок болуп эсептелет.
Түрк тектүү Немис жараны Өзил Твиттердеги билдирүүсүн 13-декабрда жарыялаган. Ал Кытайдын Шинжаңдагы уйгур, казак, кыргыз жана башка түрк тилдүү аз улуттуу калкка карата катаал мамилесин сындаган.
Кытайдагы англис тилдүү «Global Times» Өзилдин айткандарын чындыкка дал келбейт деп, футболчу кытайлык күйөрмандарын ирээнжиткенин жазды. Басылма бул "Арсенал" үчүн олуттуу кесепеттер менен коштолорун белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Кытай мусулман азчылыктын укуктарын одоно бузуп жатат деген кептер дүйнө коомчулугунда айтылып келген. Бирок Кытай аны куру доомат деп мүнөздөйт.