Англияда түгөйлөр үлпөт той учурунда кайра ажырашуу чечимин чыгарышты

Баш кошуп жаткан түгөйлөр Стефан Уилсон жана Эрин Мэйсон-Жорж үйлөнүү үлпөт тою учурунда ажырашууну чечишти. Мындай чечимге үйлөнүп жаткан жигиттин бир тууган агасы себеп болгонун чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматта айтылгандай, үйлөнүү үлпөт тою 27-июлда Батыш Уэльстеги Лланибиддер шаарында болгон. Той учурунда алкоголдук ичимдикти көп ичип алган жигиттин бир тууганы колуктуга ачуу сөздөрдү айтып, ал тургай кол көтөрүп, тепкичтен түртүп жиберген. Бул окуядан кыздын апасы жана бир тууган эже-сиңдилери да муштум жеген. Ал эми жигит бир тууган агасынын таламын талашып, кызга кол көтөргөн. Жаңжалдан кийин Эрин полицияга арыз менен кайрылып, ажырашуу үчүн сотко арыз жазган. Алардын никеси бир суткага жетпегендиктен, аларды мыйзам түрүндө ажыраштыруу мүмкүн эмес болгон. Эрин никени жокко чыгаруу аракеттерин көрүп жаткан учуру. Кыздын атасынын айтымына караганда, жигит буга чейин да жаңжал уюштуруп, үй-бүлөлүк майрамда чыр салган учурлары болгон.

Полиция Стефан Уилсонго үлпөт тойго материалдык чыгым келтиргендиги жана кол салуу фактысы боюнча бир жылга коомдук иштерге тартуу чечимин чыгарган. 1-декабрь күнү Стефан Уилсон барда отуруп, 43 жаштагы кишиге кол салып, колго түшкөн. Андан кийин гана анын бул окуясы коомчулукка жайылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AykaMer
2019-12-18 09:45:02
Үйлөнбөй жатып кол көтөргөн эркек эркекпи?!Тезирээк ажырашып кутулсун...Тем более кыздын апасы,эже- сиңдилери муштум жесе алардан...Ничего себе...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан