Барак Обама: "Аялдар идеалдуу эмес, бирок силер талашсыз түрдө бизден мыктысыңар, жадакалса саясатта дагы"

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама аялдар бардык тараптан эркектерден мыкты деген оюн айтты. Бул тууралуу ал Сингапурда сүйлөп жатып айтканын БиБиСи'нин маалымат кызматы жазууда.

Анда Барак Обама эгер ар бир өлкөнү аялдар башкарса, талашсыз түрдө жашоо шарт жакшырмак деген.

"Албетте, аялдарды мен идеалдуу дебейм, бирок талашсыз түрдө бизден мыкты экенин айта алам. Мамлекеттик башкаруу тууралуу ойлонгондо өлкөнү аялдар башкарса, кандай болот деп элестете берчүмүн. Менимче ар бир өлкөнү жок эле дегенде 2 жылдан аялдарга башкартып көрсөк, жашоо турмуш бардык тараптан жакшырмак. Көйгөйдү негизинен жашы өткөн, бирок бийликке байланып алган эркек кишилер жаратат", - деген ал.

Ал эми сиз кайрадан саясатка кайтасызбы деген суроого Обама лидер өз убактысы бүткөндө кетиши керек деген жоопту узаткан.

"Дүйнөнү карап көрсөңүздөр, көйгөй эмнеден келип чыгат? Жашы өтүп калса да, бийликти бербей отурган адамдардан чыгат. Бийликтеги адам өзүнө мен өзүмдүн жумушумду аткарып жатам, бирок бул түбөлүктүү эмес дегенди эстетип турушу керек. Алар өздөрүнүн жеке атак-даңкы, баркы үчүн кызматты ээлеп отурганы туура эмес", - деген оюн айткан.

Барак Обама АКШнын 44-президенти. Ал бул кызматта 2009-жылдан 2017-жылга чейин иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolkun555
2019-12-17 11:33:04
Америкада бийлик алашат бирок саясат алмашпайт.
+5
Absamat-90
2019-12-17 12:24:36
Аялдарды жаш кезинде башкартуу керек окшойт, болбосо "исскуствосун" айтып чыгат экен.
+2
iryi1
2019-12-17 12:33:37
Туура айтыптыр. Кыргыз жашоосунда аял кишинин жашоосу салт же диний тушунуктор менен чектелип турат. Дегеле озубузго душман болгон салт же диний тушунуктордон алыс эле качыш керек. Дин же салт адамга башка элдерден танууланып келет.
0
chake
2019-12-17 13:33:10
Американын саясаты Сирияны эмнеге жеткирди
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан