Сыналгы уурдамакчы болгон адамдардын кылыгы талкууга түштү (видео)

Бразилияда сыналгы уурдамакчы болгондор көзөмөл камерасына түшүп калып, алардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жарыялашкан.

Кылмышкерлер түн ортосунда кеңселердин биринде илинип турган сыналгыны уурдаганга аракет кылышкан. Анда уурулар кеңсенин айнегин сындарып киргени тартылып калган. Андан соң алардын бири дубалда илинип турган сыналгыны алып кетүүгө аракет жасап, андан майнап чыкпаганы көрүнүп турат. Жанындагылар жардамга келебиз деп, бири айнек дубалды сүзүп, экинчиси чалынып жыгылган. Сыналгы дубалга бекем тагылгандыктан, аны чыгара албай, бир топ убара болушкан.

Жыйынтыгында уурулар сыналгыны чыгарышканы менен, аны кеңсеге таштап качып кетишкен.

Соцтармакта бул күлкүлүү окуя тез тарап, комментарий калтыргандардын айрымдары ууруларды кечириш керек десе, айрымдары алардын камеди-шоуга тартылуусу керек экендигин жазышкан.

Бразилияда сыналгы уурдагандардын кылыгы соцтармакты күлкүгө салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kechirmeni
2019-12-17 14:02:27
даа чындап кызык болуптур
+1
narjan
2019-12-17 14:29:07
живой анекдот)))
0
nazira1989
2019-12-17 17:02:23
Чын эле кулкулуу болуптур го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан