Пакистандын атайын соту экс-президент Первез Мушаррафты мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мушарраф 2007-жылы президент болуп турган чакта конституцияны бузуп, өлкөгө чукул абал киргизген жана Жогорку Соттун судьяларын каматып салган. Бул аракети мамлекетке кылган чыккынчылык катары эсептелип, Пакистан соту тарыхта биринчи жолу өлкөнүн мурунку башчысына өлүм жазасына өкүм чыгарган.
Эске салсак, 76 жаштагы Мушарраф 2016-жылдан бери Дубайда дарыланып жүрөт. Азыркыга чейин өмүрү коркунучта болгондугу үчүн Пакистанга келе албайт. Буга чейин ал Белуджистан провинциясынын лидери Акбар Бугти (2006), экс-премьер Беназир Бхуттонун (2007) өлүмүнө жана башка кылмыштарга шектелип кармалып, кийинчерээк күрөөгө бошотулган. Мушарраф 2001-2008-жылдарга чейин Пакистандын президенти болуп, массалык нааразычылыктан кийин отставкага кеткен.