Сүйүү жаш-карыга карабайт. Мадонна өзүнөн 35 жаш кичүү жигитти "чапты"

61 жаштагы америкалык ырчы Мадоннанын жашы улуулаган сайын жигиттери жашарып баратат. Анын өзүнөн 35 жаш кичүү 26 жаштагы жаңы жигити тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мадоннанын азыркы жигити Ахламалик Уильямс ырчы айымды коштоп бийлеген бийчилердин бири, 26 жашта. Сүйүшкөндөр азырынча мамилесин ачыкташа элек, бирок Ахламалик Мадонна кайда барбасын дайым жанында жүрөрү маалым. Жакында алар папараццинин кылтагына да илинген. Экөө Майамидеги мейманкананын балконуна чыгып, Ахламалик ырчы айымды кучактаганы кадрга илинип, күйөрмандарынын талкуусуна жем таштады. Көпчүлүк 61 жаштагы Мадонна минтип жаш балдар менен жүрө берсе, туруктуу үй-бүлө күтө албайт деп жазышууда.

Эске салсак, буга чейин Мадонна 32 жаштагы модель Кевин Сампайо менен көп жылдар бою мамиледе болгону маалым.

Мадоннанын мурунку жигити - Кевин Сампайо

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kyrgyz-jigit.com
2019-12-17 20:03:39
Кыздын чырагы кырк)
+10
milan-707
2019-12-17 20:43:12
Роза эже коруп Европа турап чыкпасын Мадонна кылыптыр менда кылам деп
+10
bond02
2019-12-17 22:46:40
Мадонна ырдайт да эми, гулу экенсин жигиттин куураган жерди жибиттин деп.
+12
Pandora
2019-12-18 03:12:53
bond02,)))) Кайсыл ыр бул?
+2
bond02
2019-12-18 11:49:19
Pandora,ыр эмес бул.
+3
Arstan18.18
2019-12-18 23:03:21
Pandora,хе хе кызыктынго ыр деп
0
Nadia68
2019-12-19 12:31:07
bond02,
0
arena2014
2019-12-18 18:38:57
35 жаштай элего чон апабыз)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан