Британиялык айдоочу кокустан өзүнүн автоунаасын жардырып жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, айдоочу унаанын салонуна абаны сергитүүчү сепмени чачып, андан соң тамеки түтөтмөкчү болгон. Жыйынтыгында газ жалбырттап, анан жарылган. Анын кесепетинен алдыңкы, капталдагы терезелерди, эшикти талкалап салган. Ал эми унаа жараксыз абалга келген. Кырсык учурунда унаа жол тыгында тургандыктан, жанында турган унаалардын терезелерине да зыяны тийген. Таң калычтуусу, айдоочу майда жаракат алып, аман калган.