Орусияда "гламурдуу" төрөт модага айланууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, операция жолу (кесарево сечение) менен төрөгөн энелер өзү курсагынан ымыркайды алып чыгып, көкүрөгүнө жаткырышат. Мындай жаңы ыкма тууралуу "Энелер кеңеши" жалпы орусиялык коомдук уюмду башкаруунун төрайымы, врач-педиатр Татьяна Буцкая радиого берип жаткан маек учурунда айткан. "Бул кадимки кесарево сечение жолу, болгону эненин активдүү аралашуусу менен өтөт. Алгач төрөчү айымдын бел омурткасына анестезия берип, көшөгө артында курсагын кесишет. Дарыгерлер ымыркайдын башы менен ийинин сыртка чыгарышат, андан соң аял өзү баланы тартып алып, көкүрөгүнө жаткырат. Мындай учурда алгач эне баласын колго алат", - деген ал. Ал эми төрөттүн "гламурдуу" аталып калышы кол капты пайдалангандан улам дейт врач.