Кытайдагы шахта кырсыгында дайынсыз болуп жаткан 13 киши 80 сааттан кийин аман-эсен табылган

Кытай Эл Республикасынын Сычуань аймагындагы шахта кырсыгында дайынсыз жоголду делген 13 жумушчуну куткаруучулар аман-эсен таап чыгышты. Алар жер астында 80 сааттан ашык камалып жатышкан. Бул тууралуу кытай басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 14-декабрда жергиликтүү убакыт менен саат 15:00дө Сычуань аймагындагы шахтада кырсык катталып, ичинде иштеп жаткан жумушчулар сыртка чыга албай калышкан. Аларды издөө жана куткаруу иштери жүргүзүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 3 жумушчу каза болуп, 15 киши дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган. Куткаруу иштеринин натыйжасында, дагы 2 кишинин жансыз денесин алып чыгышкан. Ал эми дайынсыз болуп жаткан 13 киши аман-эсен табылган. Алар 80 сааттан ашык убакыт бою жер астында камалып жатышкан. Алар аман-эсен сыртка чыгарылып, ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kanat.tls
2019-12-18 16:22:18
Это же Китай
-1
Zamkojan
2019-12-18 23:30:20
Жакшылап окубай эле биздикилер экен деп суйунуп кетиптирмин биздикилер табылыптыр ошолор кабар бериниздерчи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан