Кышта оорубаш үчүн кандай жашылча-жемиштерди жеш керек?

Кыш келип, суук түшкөндөн тарта чүчкүрүп-бышкыруу да башталат эмеспи. Кыштын күнү оору-сыркоодон алыс болуу үчүн алгач эле иммунитетти чыңдап, организмди пайдалуу азыктар менен камсыз кылуу керек. Кыштан оору-сыркоосу жок чыгып кетем десеңиз, төмөндөгү жашылча-жемиштерди өз рационуңузга киргизүүнү сунуштайбыз.

Ашкабак - Бул жашылча баарыбызга эле жакшы тааныш. Ашкабактын курамында микроэлементтер жана витаминдер абдан көп. Алар: С, Т, К, В1, В2, В5, Е, РР витаминдери. Ошондой эле ашкабакта Бета-каротин бар, ал иммунитетти чыңдап, организмдеги козгогуч ооруларды алдын алат. Ашкабакты кошуп, бир канча тамактын жана таттуулардын түрүн жасоого мүмкүн. Анын данеги да көптөгөн ооруларга даба.

Анар - Күнүгө бир стакан анардын ширесин ичип туруу менен адам көп ооруну алдын алат. Ал эми кош бойлуулар үчүн бул жемиш кандагы гемоглобиндин деңгээлин сактап, витаминдер менен камсыздайт. Анын курамында адамдын организминин негизин түзгөн танин, кант, кальций, натрий, марганец, темир, магний жана С витамини бар.

Кызылча - Бул жашылчанын курамында темир заты арбын, ошондой эле кальций менен натрий да бар. Кызылча бөйрөк, боор жана кан айлануу системин тазалоочу касиетке ээ. Андан сырткары, аз кандуулукту дарылоодо да пайдалуу. Кызылчаны бууга бышырылган түрдө колдонуу сунушталат. Даярдоо жеңил жана тез болгондуктан, кыш мезгилинде кызылчадан жасалган азыктарды көбүрөөк колдонуу керек.

Алма - Күн сайын жок дегенде бир даана алма жеп турган адам доктурга баруу эмне экендигин унутат. Петин, С витамини, темир затынын арбындыгы алманын алмашкыс жемиш экендигинен кабар берет. Алма бир гана организм үчүн пайдалуу эле болбостон, көптөгөн ооруларды алдын алуу касиетине ээ.

Курма - Курманын курамында каротин, С витамини, калий, йод, темир жана магний арбын. Ал кан айланууну жакшыртып, жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучун азайтат. Ошондой эле ичеги-карын, ашказан, боор, бөйрөк ооруларында табылгыс дары.

Клюква - Бул жемиш курамында РР витамининин көптүгү менен айырмаланат. Ал табигый антиоксидант, сасык тумоону адамга жакын жолотпоо касиетине ээ.

Сасык тумоого илешип, дарыканага кымбат дарыларга чуркаганга жеткизбей, табият тартуулаган жемиштерди колдонууну баштаңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jalguzum
2019-12-20 00:51:30
Ашкабакты кайсы тамактарга кошсо болот? Сутко бышырганды, самсы, мантыга кошконду эле билет экем((
+1
temirov76
2019-12-21 18:35:25
jalguzum,сутко бышырган жетет ошол.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан