70 жыл чогуу жашаган түгөйлөр бир күндө каза болушту

АКШнын Мичиган штатынын тургундары Лес жана Фред Остиндин баш кошконуна 70 жыл болгон. Алар бир күндө 20 мүнөт айырмачылык менен бул дүйнө менен кош айтышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Лес менен Фред окуучу кезинде таанышып, мектепти аяктаган соң, 1949-жылы баш кошушкан. Түгөйлөр деңиз жээгине коюлган мунараларга (маяк) барып эс алганды жактырышчу. Өмүрү өткөнчө алар Мичигандагы бардык мунараларды кыдырып чыгышканы айтылат. Ноябрь айында алар баш кошконунун 70 жылдык юбилейин өткөрүшкөн. 6-декабрда экөөнү тең хосписке алып келишип, жанаша жайгашкан керебетке жаткырышкан. 7-декабрь күнү түгөйлөр удаа, 20 мүнөт убакыт айырмачылык менен 90 жашында каза болушкан. Алардын артында 2 баласы, 4 небереси жана 8 чөбөрөсү калды. Небереси Леинин айтымында, чоң атасы менен чоң энеси өмүрүндө бир гана жолу Лес жубайына айтпай, Корей согушунда аскерге жазылып алгандыгы үчүн урушушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
talaa11
2019-12-19 21:04:41
Булар только экиден гана балалуу болушат окшойт (эки бала,торт небере,сегиз чоборо)
+11
Kuba-savai87
2019-12-19 21:53:11
Жылдыгы чыкканда жазбапсынар бир жолу
-9
Kuba-savai87
2019-12-20 10:33:57
Kuba-savai87, бул жанылык чыкканына коп болдуго ошого ушинтип жазган элем жаман минус басыпсынарго
+2
ziash85
2019-12-19 22:17:35
Бизге да ушундай карылык берсин кудайым оомиин
+27
katerina.li
2019-12-20 09:14:44
Болот ушундайлар. Менин таанышымдын апасы каза болгондо,бир аздан кийин атасы каза болуп калган. Алар да карып калышкан эле .
+1
Erkinai7479
2019-12-20 11:36:30
Мен да жолдошума дайыма айтам чогуу өлөбүз деп. Бизге да ушундай карылык ушундай өлүм насип кылсын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан