Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын имаратына кол салуу болду. Каза болгондор бар

Кечээ, 19-декабрь күнү Орусиянын убактысы боюнча саат 18:10 чамасында Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) имаратына үч белгисиз адам кирип, ок чыгарган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кабылдамасына 3 белгисиз адам келип, имараттын ичине ок чыгарышкан. Күзөтчүлөр менен атышуу учурунда кол салган эки адам өлтүрүлгөн. Бирөөсү сыртка качып чыгып, ок атканын уланткан. Атышуунун жыйынтыгында, имараттын жанында нөөмөттө турган Жол кыймылын көзөмөлдөгөн бөлүмдүн кызматкери каза болгон. Кол салуучу 300 метрдей чуркап барып жашынып ОМОН, спецназ, Федералдык коопсуздук кызматынын аскерлерине ок чыгарууну уланткан. Жыйынтыгында кылмышкер өлтүрүлгөн.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын берген маалыматына ылайык, өлтүрүлгөндөрдүн аты-жөнү аныкталууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги эки федералдык коопсуздук кызматкери жаракат алып, оор абалда экенин билдирди. Ошондой эле имараттан кылмышкерлер калтырган чемодан да табылган.

Болжолдуу маалыматка караганда, бул окуя теракт катары каралууда.

ФСБге кол салуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2019-12-20 00:33:50
Постановка деп жатышат го.
-2
Aidar.001
2019-12-20 00:41:13
Кол салгандардан биздин паспорт чыкпаса экен эми!
+26
murat17
2019-12-20 00:49:35
деги кыргызстандык ТРАС болбосо эле болду
+11
Store
2019-12-20 01:05:03
Кайра эле Кыргыз өзбек тажиктерди подстава кылатта булар.
-4
KaGaH
2019-12-20 04:15:59
Спектакль ФСБ элди алаксытыш үчүн,питердеги метронун да ФСБ жардырган
-2
Aituwas
2019-12-20 12:50:10
Бу жерден да Кыкендер куноолуу болуп чыкбаса экен....
+4
Azatbek.Svoboda.
2019-12-20 15:35:59
Оздорунуку экенин айтышты! Хотя ФСБ нын колунан баардык нерсе келет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан