Австралияда Жаңы жылдык балаты күйүп кеткен буюмдардан жасалды

Австралиянын жаңы жылдык балатасы бул жылы күйүп кеткен жараксыз буюмдардан жана талдардан жасалды. Өзгөчө Жаңы жылдык балаты тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Маалыматка ылайык, Австралиянын токойлору 2019-жылы өрттөн көп жабыр тарткан. Балатыны жасоодо өрт катталган аймактардан алып келинген буюм-тайымдар жана тилсиз жоонун курмандыгы болгон бактардын талынан жасашкан. Мындай өзгөчө балатыны жасоонун максаты тилсиз жоодон жабыр тарткандарды колдоо болгон.

Бул балаты континенттин бардык жашоочуларын жаратылыш кырсыктарына каршы күрөшүүгө чакыруунун "символу" болуп калды. Ал эми балатынын жанында QR-коддор жазылган белек кутучалары бар. Ал код аркылуу каалоочулар кайрымдуулук кыла алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан