Украинанын Жогорку Радасы депутаттык кол тийбестикти жоюу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ага ылайык, мыйзам долбоору экинчи окууда 291 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды. Документ 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирери айтылды.
“Бул Украина президенти Володимир Зеленскийдин шайлоо алдындагы элге берген негизги убадаларынын бири болгон. Мындай чечим кабыл алынса, коррупцияга барган депутаттарга кылмыш ишин козгоо жеңил болорун белгилеген. Мыйзамга ылайык, Конституциядагы “парламентарийлер депутаттык кол тийбестикке ээ, аларды Жогорку Раданын уруксатысыз кармоого, камоого же кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт” деген пункт алынып салынат. Мындан ары коррупцияга шектелген депутаттарга карата тергөө амалдарын баштоого жана аларды камакка алууга башкы прокурор уруксат берет”, - деп айтылат маалыматта.
Мыйзамды Жогорку Рададагы оппозициялык фракциялар колдогон эмес.