АКШда жүк ташыган унаанын айдоочусу өспүрүм кызды атайын сүздү

АКШда жүк ташыган унааны башкарган аял өспүрүм кызды атайын сүздү. Айдоочунун айтымында, өспүрүм кыздын кебетеси мексикалыктарга окшош болгон.

Батыш маалымат булактары жазгандай, окуя Айова штатында орун алган. Анда 42 жаштагы Николь Мари Пул Франклин жүк ташыган унааны айдап бара жатып өспүрүмдү сүзүп, жабырлануучуга жардам көрсөтпөй кетип калган.

Полиция кызматкерлеринин колуна түшкөн айдоочу латын америкалыктарга карата жек көрүүсүн билдирип, аларды басмырлап, укук коргоочуларды таң калтырган. Ал эми унаанын алдында калган өспүрүмгө медициналык жардам көрсөтүлүп, ал мектепке бара баштаган. "Мага жакындап келе жаткан унаа гана эсимде. Мен баскетбол талаасына бара жаткам. Мени унаа менен сүзүп кетүүгө акысы жок болчу", - деген өспүрүм.
Учурда полиция кызматкерлери айдоочунун кылмыш кылууга түрткөн жек көрүүсү эмнеден улам келип чыкканын иликтөөдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
oscar
2019-12-21 14:42:56
Ооруулу
+5
fak
2019-12-21 16:04:50
Омур боюга соттолсун
+3
Parish
2019-12-21 18:25:50
Бул шезофренник окшойт.Кантип эле адамды атайын сузуп кетсин.
0
Aituwas
2019-12-22 00:21:33
Бир мандем бар го бул аялда жузуно караганда
0
Tiken
2019-12-22 00:22:02
Хабаровск крайында деле азиаттарды ОМОНдор ур-токмокко алышты го, ушул сыяктуу эле окуя экен. Нацисттик ашынган жорук деп баалоого болот.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан