2019-жылы миллион эмес миллиард долларынан ажыраган байлар. Тизмеде дүйнөнүн эң бай адамы Жефф Безос дагы бар

"Forbes" журналы 2019-жылы ийгилик жылмайбаган дүйнөдөгү миллиардерлердин тизмесин жарыялады. Алардын катарында буга чейин дүйнөнүн эң бай адамы атыккан Жефф Безос бар. Чет элдик булактардын маалыматына ылайык, Жефф Безостун лидерликти алдырып жибергенине анын аялы менен ажырашуусу себеп болгон.

Маалым болгондой, "Amazon" компаниясынын жетекчиси жыл ичинде 13 миллиард 1 миллион доллар жоготкон. Учурда анын байлыгы 109 миллиард 7 миллион долларды түзөт. Жефф Безос аялы менен ажырашканда ага "Amazon" компаниясынын акциясынын 25 пайызын бөлүп берген.

Андан кийин Индиянын экинчи бай адамы Азим Премжи 14 миллиард 1 миллион доллар кирешесинен ажыраган. Анын декабрь айына карата байлыгы 7 миллиард 2 миллион доллар. Ал "Wipro Limited" компаниясынын үлүшүн өзүнүн кайрымдуулук фондуна өткөрүп бергенден кийин кирешесинин суммасы азайган.

Индиядагы "Essel Group" медиахолдингдин ээси Субхаш Чандра жыл ичинде 3 миллиард 4 миллион доллар жоготкон. Учурда анын байлыгы 660 миллион долларды түзөт. 2019-жылдын башында бийлик миллиардердин "Essel Group" компаниясы күмөн жаратып жатканын айтып текшерүүгө алган. Мындан тышкары, анын компаниясына тиешелүү акциялардын бири 41 пайызга арзандап кеткен. Июль айында ал "Essel Group" компаниясынын 11 пайызын 600 миллион долларга сатып жиберген.

Америкалык ишкер Трэвис Каланик бир жыл аралыгында 3 миллиард 1 миллион долларынан ажыраган. Анын бүгүнкү күнгө карата байлыгы 2 миллиард 8 миллион доллар. Миллиардердин "Uber" компаниясынын акцияларды сатыкка коюу планы ишке ашпай калган. Мындан улам ал акцияларын сатып, салык төлөөгө мажбур болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sakubek
2019-12-21 17:57:21
Баары бир жыланач кетесинер аркы дуйного
+7
ainura220888
2019-12-22 02:36:06
Sakubek,точно))) андан коро сооп иш жасап аркы дуйнодогу байлыкты ашыргыла. Апам раматылык ийдиш сатып алганды жакшы корот эле мода ийдишти ала берет эле. Подвал толо эски ийдиштер эле анан сыр челек, сыр карстрюля, сыр чайнек этият кылгыла сыры кочот деп аяй берет болчу. ( эмальированная посуда)сиз олгондо кошо комобуз деп тамашалап койот элек. Калды баары. Турат иштетип атат келиндер байлык кетсе апам жок дегенде ийдишин ала кетмек. Лучше сооп топтош керек. Сооп эле кете алат биз менен.
-3
pero5184
2019-12-23 13:19:25
Байлык кетсе да,ден соолук кетбесин
0
Tynar1213
2019-12-23 15:16:51
Азим Премжи утушка ээ болуптур байлыгынын көбүн кайрымдуулукка жумшаптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан