Австралиянын премьер-министри токойдогу өрт учурунда эмгек өргүүгө чыкканы үчүн кечирим сурады

Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон токойдогу өрт учурунда эмгек өргүүгө чыккандыгы үчүн элинен кечирим сурады. Ал эмгек өргүүгө чыгып, жубайы менен Гавайиге эс алууга кеткен.

Чет элдик басылмалардын жазганына ылайык, премьер-министр Гавайидеги эс алуусун өлкөдөгү өзгөчө кырдаал учурда каза болгондорду укканда токтоткон. Ал эмгек өргүүгө туура эмес убакытта чыкканын, бул анын катасы экенин айткан.

"Мен эмгек өргүүдөн кайтып келдим. Австралиядагы кырдаалга Женни экөөбүз аябай тынчсыздандык", - деген ал.

Австралиялык басылмалардын маалыматы боюнча, октябрь айында башталган токойдогу өрт 3 миллион гектар аймакты жалмаган. Анын кесепетинен токойдогу жаныбарлар күйүп, 8 адам каза болгон. Учурда өлкөнүн 105 аймагында өрт өчүрүлө электиги айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2019-12-22 11:58:30
Биздин премьер бул премердин кечирим сураганын укса эси ооп калса керек.Кечирим сураш оюна дагы келбейтго биздин эшек минерлердин
+3
akmanai
2019-12-22 22:00:05
Байкуш жаныбарлар(((
0
-adam
2019-12-24 23:04:07
Жаныбарларга эле даман болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан