Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 22-декабрда Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага "Өзбекстандын элдик-демократиялык" партиясы, "Өзбекстандын либералдык-демократиялык" партиясы, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы, "Адолат" социалдык-демократиялык партиясы жана "Өзбекстандын экологиялык" партиясы катышууда.

Өзбекстандын Олий Мажилис мыйзам чыгаруу палатасына жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого катышууга жалпысынан 20 миллиондон ашуун адам катталган. Алардын ичинен 1 миллион 700 миң киши чет өлкөдөн добуш берерин өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Өлкөдөгү жана чет мамлекеттеги добуш берүү участоктору саат 08:00дөн баштап иш алып барууда деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан