Жылдын эң кирешелүү жазуучулары аныкталды. Арасында Мишель Обама дагы бар

Дүйнөгө белгилүүлөрдүн жылдык кирешесин эсептеп, жыл жыйынтыгын чыгарган американын "Forbes" журналы бул ирет жазуучулардын жылдык кирешесин жарыялады.

Тизменин сап башынан "Гарри Поттер" чыгармасынын автору Жоан Роулинг орун алды. Ал 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп киреше тапкан. Тагыраагы, Жоан Роулинг 2018-жылы 45 миллион доллар киреше тапса, 2019-жылы 92 миллион доллар тапкан.

Экинчи орунга 70 миллион доллар каражат тапкан жазуучу Жеймс Паттерсон жайгашкан. 2018-жылы жазуучу детектив жанрындагы романы менен 86 миллион доллар каражат тапкан.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын жубайы Мишель Обама алдыңкы үчтүктөн орун алган. Анын бир жыл ичинде тапкан кирешеси 36 миллион долларга жеткен.

Балдарга арналган чыгармалардын автору, жазуучу Жефф Кинни 20 миллион доллар кирешеси менен 4-орунда турат.

Ал эми белгилүү жазуучулардын бири Стивен Кинг бул ирет 17 миллион доллар каражат таап, алдыңкы орунду тарттырып жиберген. 2018-жылга салыштырмалуу жазуучу 10 миллион долларга аз киреше тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан