Бактылуу балалык! "National Geographic" басылмасы памирлик кыргыздардын балдарынын сүрөтүн жарыялады

Америкалык "National Geographic" басылмасы социалдык тармактагы расмий баракчасына памирлик кыргыздардын балдарынын сүрөтүн жарыялады. Сүрөттүн автору - фотограф Мэттью Поли.

Сүрөттөн кыз менен баланын бетме-бет отуруп алып ойноп жатканын көрүүгө болот. Аталган басылма сүрөткө: "Эки кичинекей кыргыз көк шиберде ойноп жатышат. Балдардын ата-энелери Ооганстандагы Памир тоолорунун этегинде топоздорду кайтарып жүрөт", - деген билдирүүсүн калтырган.

Бул сүрөткө 16 саат аралыгында 425 миңден ашуун "жакты" белгиси басылып, 1300дөн ашуун билдирүү жазылган.

Сүрөтчү Памирге барган сапарында бир катар кооз кадрларды тарта келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kairat1996
2019-12-22 14:57:45
Орто кылымдын түшүнүгү бойдон калышыптыр. Билим болбосо ошол да, адамдар караңгылыкты жайылткан сокур диний түшүнүктөргө байланат, диний көз караш менен орто кылымдын түшүнүгүндө каласыңар.
-14
Patoshik1
2019-12-22 15:18:03
Kairat1996,Без определенного места жительства экенсин го)))))))
+13
bond02
2019-12-22 17:29:54
Суротторду коруп ата бабаларыбызга ыраазы болдум бизди ушул кунго жеткирген.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан