Американын Вирджиния штатында 70 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Квинс-Крик көпүрөсүндө болгон. Бул жер автомагистраль деп аталып, эки штаттын бириккен жери болот.
Алдын ала маалыматтар боюнча жол кырсыгы коюу тумандан улам болгон. Алгач кырсыктан жабыркагандардын саны 35 экени айтылса, кийинчерээк 51ге жеткен. Штаттын ооруканаларынын бирине 25 адам жеткирилген. Алардын ичинен бирөө оор абалда экени айтылат.