"Оппозициячыл партиялар катышкан жок". Өзбекстанда парламенттик шайлоо өттү

Өзбекстанда парламенттик шайлоо болуп өткөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына таянып жазууда.

22-декабрь күнү түшкө чейин эле добуш берүүчүлөрдүн саны 42,3 пайызды түзгөн. Мыйзам боюнча шайлоону өттү деп жарыялоо үчүн шайлоочулардын 33 пайызы добуш берүүгө тийиш.

"Шавкат Мирзийоев бийликке келген 2016-жылдан бери бул өлкөдө биринчи жолу парламенттик шайлоо өттү. Саясий жарышка беш партия катышкан. Оппозициячыл партиялар шайлоого катышкан жок", - деп айтылат маалыматта.

13-декабрда ЕККУ Өзбекстан боюнча баяндама жасап, өлкөдө саясий системди өзгөртүү боюнча жылыш бар экенине карабай, шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар, өзгөчө жаңы партияларды каттоо ыкмалары өзгөртүлбөгөнүн белгилеген. Документке караганда, 2003-жылдан бери бийликке оппозиция болгон бир дагы партия каттоодон өткөн эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Store
2019-12-23 15:42:20
Диктаторлук продолжается болтатко дагы деле.
0
KAYRATBEK
2019-12-23 17:05:34
Озбекстанга парламенттин кереги жок. Озбек президентти озбектердин тушуно да кирбеген озгорууулорду жасап жатат. Эмне кылат эшектин тушоосун чечпеген парламенттин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан