Жаңы жылдык кечеде Мексиканын мэрин атып кетишти

Мексиканын Халапа шаарынын мэрин белгисиз жарандар атып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, Мексиканын Оахака штатына караштуу Халапа шаарынын мэри Артуро Веласкес Жаңы жылдык кечеде жүргөндө белгисиз жарандар имаратка куралчан кирип, ок чыгарышкан. Анын кесепетинен шаар мэри жана шаар администрациясынын дагы бир кызматкери октон каза тапкан. Кылмышкерлер изин жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн. Полиция кызматынын айтымында, башка жабыркагандар жок. Кылмышкерлерге издөө жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talant87
2019-12-24 09:09:32
Кыргыздын паспорту чыкпасын жанынан кылмышкердин
0
pochtalyonin
2019-12-24 13:20:48
Биздикилерди да атып салса капа болбойт элек )))
+4
toktor89
2019-12-24 14:57:04
Аша командасы менен болуп калбайбы десен
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан