Орусиянын белгилүү алып баруучусу Лера Кудрявцевага тез аранын ичинде төшүндөгү силиконду алып салуу боюнча операция жасалды. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасына жазып чыккандыгын орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.
Лера Кудрявцеванын айтымында, ал маал-маалы менен медициналык кароодон өтүп турчу, кезектеги кароодон анын төшүнө тез аранын ичинде операция кылуу керектиги маалым болгон.
Маалыматка ылайык, Лера Кудрявцева мындан 15 жыл мурун төшүн чоңойтуу максатында операция жасаткан. Дарыгер операциянын жыйынтыгына өмүр бою кепилдик бергендигине карабастан, натыйжасы оор операция менен аяктап жаткандыгын айтып, айымдарды мындай операциядан баш тартууга чакырып өткөн. Ошондой эле ал эртең мындай ачык билдирүүсү үчүн өкүнүп калышы мүмкүн экендигине карабастан, анын бул жагымсыз кырдаалы башкаларга сабак болсун деген ниетин жазган.