Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 5-апрелге караган түнү саат 00:30 чамасында Бактуу-Долоноту айылына жакын жерде эки унаа сүзүшкөнү боюнча маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 84-чакырымында Фольксваген Гольф-3 жана Тойота Ист унаалары сүзүшкөнүн аныкташкан.
"42 жаштагы Чүй облусунун тургуну К.М. өзүнүн Фольксваген Гольф-3 унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып, 56 жаштагы Түп районунун тургуну Д.Ш. айдап бара жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Фольксваген Гольф-3 унаасынын айдоочусу унаада бара жаткан 41 жаштагы айдоочунун аялы, 5 жана 4 жаштагы М.Э., М.Т. аттуу балдары алган жаракатынан улам кырсык катталган жерде каза болгон. Ал эми Тойота Ист унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 37 жаштагы К.М. жана айдоочунун 6 жаштагы кызы М.Н. жана дагы бир жүргүнчү денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, Ысык-Көл райондук ооруканага жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда жол кырсыгы тууралуу бардык маалыматтар чогултулууда.