Ысык-Көлдө 24 жаштагы айдоочу жол четиндеги бакты сүзүп, унаанын ичиндеги 21 жаштагы кыз каза болду

Ысык-Көл районунда жеңил унаа жол четиндеги бакты сүзүп, 21 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 22-июнь күнү саат 19:00 чамасында Кара-Ой айылына жетпеген жерде болгон.

"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны 24 жаштагы М.А. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Рулга ээ боло албай калган айдоочу жол четиндеги бакты сүзгөн. Унаада 3 адам жүргүнчү катары келе жаткан. Алардын экөө кыз, экөө эркек болгон. Кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы М.Э. аттуу кыз каза болуп, калган үчөө Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Азыркы учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иши башталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MEN95
2019-06-24 20:25:26
эхх жайын жанаттан болсун АЛЛАХЫМ сурактарынды женил кылсын.калганынарга Аллах шыфаа берсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан