Бишкекте Toyota Wish үлгүсүндөгү унаа жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн эркек кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 21-октябрда Матросов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Окуя болгон жерден жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.
"Айдоочу кармалды, унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.