Белгилүү киноактёр Жеки Чан "Авангард" тасмасын тартуу учурунда аз жерден каза болуп кала жаздады. Бул тууралуу Пекиндеги маалымат жыйында айтышкан.
Актёрдун айтымына караганда, тасма талаасында гидроциклон картинасын тартуу учурунда ал асканын алдында тузакка түшүп калган. Ал жактан чыга албай, чөгүп кете жаздаган. Бирок ал эмоцияга алдырбай, тынч турууга аракет жасаган. Бул анын сууга калкып чыгып, аман калышына чоң көмөкчү болгон.
"Кечке маал жуунуп жатып, болуп өткөн окуяны эстеп алып, титирей баштадым. Чынында коркуп калыпмын. Мен ушундай эле оңой өлүп каламбы деп ойлоп да кеттим", - деген Жеки Чан.
Тасманын режиссёру Стэнли Тонг "тасманы тартуу учурунда Чан суудан чыкканча аябай кабатырландым, качан гана аны тирүү көргөндө кубанычтан көз жашымды тыя албадым", - деген.
"Авангард" тасмасы эл аралык кылмышкерлердин уюшкан тобу барымтага алган адамдарды куткаруучу күзөт кызматкерлери тууралуу баяндайт. Бул тасма Чан менен Тонгдун бирге тартып жаткан 9-картинасы болгон.