"The Verge" басылмасы акыркы 10 жылдагы эң начар смартфонду атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Рейтингге ылайык, эң начар смартфон деп Samsung Galaxy Note 7 табылды. Бул смартфондун аккумулятору жарыла бергендиктен, дүйнө жүзү боюнча сатуудан алынган. Адистердин айтымында, Galaxy Note 7 мыкты смартфон болмок, бирок бир ай сатуудан кийин дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык смартфондун аккумулятору жарылып кеткен.
Ошондой эле Google Glass көз айнеги, Amazon Fire телефону жана 3D-телевизорлору да начар гаджет деп табылды.