АКШнын жараны банкты тоноп, акчаны Рождество майрамынын урматына көчөгө чачкан

АКШнын Колорадо штатына караштуу Колорадо-Спрингс шаарындагы банктардын бирин жергиликтүү тургун тоноп, акчаны Рождество майрамынын урматына көчөгө чачкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 23-декабрь күнү болгон. Анда 65 жаштагы Дэвид Оливер банкты тоногондон кийин, шаар тургундарын Рождество майрамы менен куттуктап, акчаны көчөгө чачкан. Күбөлөрдүн айтымында, ал акчаны элге жакшылык, бакыт каалап чачкан соң, полиция кызматкерлерин күтүп турган. Ал эми күбөлөр жолго чачылган акчаны чогултуп, банкка кайтарып беришкен. Тонолгон акчанын суммасы так айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
oscar
2019-12-25 10:49:10
65 жаштагы, жалгыз, болгондо да АКШ да банкты тоносо сөз жок
+3
Hurem
2019-12-25 10:55:46
Кайра элдер алып барып бергени жакшы экен, бизде болсо кандай болмок бир кудай билет
+2
Adi010891
2019-12-25 21:29:16
Hurem, бизде болсо элден биринчи 120 торпок моороп бармак
+2
murat17
2019-12-25 11:31:17
робин гуд
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан