Корей тасмасы бул жакта калат. Аскер чогуу кызмат кылган итин өлтүрөрдө жанынан кетпей ыйлаган

Кытай аскери Е Хуайбиндин кызматтагы ити оорудан каза болду. Күчүк кезинен жанында болгон ити менен аскер коштошо албай, көпкө ыйлаган. Бул окуянын видеосу коомчулукка тарап, чет элдик басылмалар кожоюну менен итинин таасирдүү окуясы тууралуу жазып чыгышты.

8 ай мурун Е Хуайбинь 2 жаштагы лабрадор породасындагы ити менен машыгуу учурунда "досунун" абалы начар экенин байкаган. Ит ыргытылган топту тосуп алары менен кусуп салган. Кабатыр болгон кожоюну У Ини жакшылап карап чыгып, оозундагы чоң шишикти көргөн. Жарым жылдан ашык ветеринарга көрсөткөнү менен жаныбардын абалы начарлай берген. Ветеринарлар У Иге остеосаркома - сөөк рагы диагнозун коюп, 4 ирет операция жасашкан. Канчалык иттин жанын сактап калууга аракет кылышпасын, жыйынтык чыкпай, Хуайбинь досунун мындан ары кыйналышын каалабай "уктатып коюу" чечимин кылган.

Видеодо Хуайбинь тизелеп алып У Ини сылап, кайра-кайра атын кайталап ыйлаганын көрүүгө болот. Ал ветеринарлардан итинин жанында дагы бир аз болуусун суранганына карабай, аны сыртка алып чыгып кетишкен. У Ини аскерлерге кылган сый-урмат менен акыркы сапарга узатышкан.

Ити менен коштошкусу келбей ыйлаган аскер
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nevestkaa
2019-12-25 14:00:32
Байкуш ит.
-2
Nur777
2019-12-25 14:21:11
(((((((((((
+3
kechirmeni
2019-12-25 14:23:03
ит адамдын досу деген ушу да
+3
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-12-25 16:34:12
Как можно скачать этот ролик?
+1
ulua
2019-12-26 01:41:08
Эхххх, рак олгур эмне оору бул баарын жалмап.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан